Түркияда сойкулукка шектелип кармалган 8 кыргыз кызы депортацияланды

Түркияда сойкулукка шектелип кармалган 8 кыргыз кызы депортацияланды

Түркияда сойкулукка шектелип кармалган 8 кыргыз кызы мекенине депортацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы элчиликке таянуу менен билдирди.

"Кыргыздын Түркиядагы элчилиги Айдын аймагынын миграция башкармалыгы менен байланышканда, окуя 8-9-майда болгонун тастыктаган. Териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң кармалган кыздар өз мекенине 10-майда депортацияланган", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Айдын аймактык полициясы тарабынан чет өлкөдөн келген 28 кыз сойкулукка шектүү катары кармалып, алардын арасында Кыргыз өлкөсүнөн барган 8 кыз бар экенин түрк басылмалары жазып чыгышкан.